85 жашында студент болгон Мамат Кулматов: «Дипломду алып, аркы дүйнөдө окутасыңбы» дегендер бар»

Мамат Кулматов 85 жашта. Ал “10 жашар кезимде апам оорудан каза болгондо медицина кызматкери болом деп максат койгом, ошол кыялымдын артынан фармацевтикага келдим” дейт. Көпчүлүктүн каршы болгонуна карабай илим-билимге кызыгып, студент болгон аксакал менен маектештик.

«Окууга тапшырарымды айтсам, баары каршы болушту. Айылдагылар «картайганда эмне кереги бар» дешти. Кээ бирөө бетке эле «дипломду алып аркы дүйнөдөн окутасыңбы» деп. Контракт төлөп окуйм. 45 миң сом төлөйм. Азыр 3-курсмун. Дагы 2 жыл окуйм. Пенсия алып, бөлүп-бөлүп берем», — деди ал.