85 жашында студент болгон Мамат Кулматов: «Менин неберем менен тең мугалимдер бар. Алар менден тартынышат»

Мамат Кулматов 85 жашта. Ал “10 жашар кезимде апам оорудан каза болгондо медицина кызматкери болом деп максат койгом, ошол кыялымдын артынан фармацевтикага келдим” дейт. Көпчүлүктүн каршы болгонуна карабай илим-билимге кызыгып, студент болгон аксакал менен маектештик.

«Окууга 2 саатта келем. Мен Араван районунун тургунумун. Менин 1 уул, 4 кызым, 20дан ашык неберем бар. Улуу неберем ушул эле ОшМУда окуйт. Уулум кесиби боюнча мугалим. 1957-жылы техникумду окуп бүткөм. Жогорку окуу жайга тапшырып, окубай калгам. Себеби, шартым болбой калды. Кыйналып, таштоого туура келди. Ата-энем жок, жетим баламын. Кийин апам турмушка чыкты. Балалуу болду. Бирок алар көз жумган», — деди ал.

Ал ошондой эле эмне себептен медицина факультетине тапшырганын түшүндүрдү. «Менин апам аябай ооруган. Айыкпай өтүп кеткен соң, «медик болом» деп сөз бергем. Апам 10 жашымда көз жумду. Атам согушта каза болгон. Университетте эң улуусу азырынча менмин. Менин уулумдан да кичүү мугалимдер бар. Неберем менен тең. Алар менден тартынышат. Тартынбагыла дейм. Алар мага агай болот да», — деди ал.