«92 адамды Түштүк Кореяга мыйзамдуу ишке орноштуруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда уюштурулган. Азыркы учурда Кореяда 2 миңге жакын жараныбыз EBS программасы боюнча иштеп жатат. Көпчүлүгү тамак-аш, кагаз өнөр жай ишканаларында иштешет. Орточо эмгек акы 1800 долларды түзөт, бөлмө жана тамак-аш жумуш берүүчүнүн эсебинен. Программанын негизги талабы — корей тилин тийиштүү деңгээлде билүү. 2022-жылы 1500дөн ашуун жаран корей тилин билүү тестине катышып, 360 адам ийгиликтүү өткөн», — деп жазылат маалыматта.
Депутаттардын «Баатыр энелердин» балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү демилгеси колдоо тапты
Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин...












