Ал 60 кг чейинки салмак ченинде 1/8 финалдык баскычынан баштап, Армениянын өкүлү Артур Базеянга каршы чыгып, калыстардын бир добуштуу чечими менен жеңишке жетишти (5:0). Бул жеңиштин жыйынтыгында Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалга чыкты. Кийинки айлампада ал Канаданын өкүлү Кеома Аль-Ахмадиех менен күч сынашат.
12-майда Кыргыз футбол биримдигинин жаңы президенти шайланат
Бүгүн, 22-апрелде Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруучу комитетинин жаңы шайланган курамынын алгачкы жыйыны болуп өттү. Жыйында күн тартибине киргизилген негизги маселелер...











