Ачкачылык жарыялаган Орозайым Нарматованын баса албай калганы маалымдалды

Ачкачылык жарыялаган экс-депутат Орозайым Нарматованын баса албай калганы маалымдалды. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасында жарыяланды.

«Кечээ, 22-декабрда түштөн кийин Орозайым Нарматованы Тергөө башкармалыгына алып чыкканга опер кызматкерлери СИЗО-1ге келишип, бирок анын өз алдынча баса албагандыгына байланыштуу СИЗОнун кызматкерлери замбилге жаткырып, камерасынан короого алып чыгышыптыр. Абалы оор болгонуна байланыштуу алып кетпейбиз деп тергөө органына бара албаптыр. Адвокаты да жолугушууга барса тергөө кабинетине чыга албаптыр. Сүрөттү Орозайым Нарматованын жүрөгүн текшерткени тез жардам менен чыкканда адвокат тартып алган», — деп жазылат билдирүүдө.