Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Канат Рыскулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн үч күндүн ичинде бошотуу боюнча ультиматум койгонун адвокат Замир Жоошев 30-майда социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
«Ал бул экс-президенттин жана анын үй-бүлөсүнүн үйү эмес, ден соолукту чыңдоочу борбор экенин айтууда. Эч кандай документтер көрсөтүлгөн жок. Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүн үйдөн чыгаруу боюнча соттун чечими да жок», — деди жактоочу.
Азырынча Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду окуя боюнча маалымат бере элек.