Адвокат: «Мелис Аспеков жандандыруу бөлүмүнө түштү»

Опузалап акча талап кылган деп айыпталып жаткан жарандык активист Мелис Аспеков Улуттук кардиология борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Манукян билдирди.

Жактоочунун айтымында, 17-ноябрда Мелис Аспеков «Бикард» менчик клиникасынан Бишкектеги СИЗО-1ге которулган. Эртеси айыпталуучу өзүн жаман сезе баштаган. «СИЗО-1дин кызматкерлери Тез жардам кызматын чакырышып, Мелис Аспеков Улуттук кардиология борборуна жеткирилген. Ооруканада аны дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырышты. Мен судьяга соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү өтүнүчүн кезексиз кароо өтүнүчү менен кайрылдым. Бирок ал баш тартты. Мелис Аспековго оор операция жасалды, ал камактан бошотулушу керек», — деди Сергей Манукян.