Кечээ, 2-декабрда «Азаттык» партиясынан депутаттыкка талапкер Ахматбек Келдибеков УКМКга суракка чакыртылган. 5 сааттай УКМКда болгон Келдибековдун БШКга ал тарабынан айтылган версиялардын туура эместигине ынанганын айтышкан.
«Шайлоо учурундагы формуладан кеткен ката серверден шайлоо процессинин компьютердин иштен чыкканы боюнча иш козгоптур. Ошол кылым иштин негизинде биздин айткан божомолдун негизинде мени күбө катары чакырышыптыр. Ошол жерде Дастан Догоев, БШКнын өкүлү болуп үчөөбүз эки тараптуу талкуу кылдык. Башынан аягына чейин шайлоо процессинин чынжырчасын талкууладык. Ал жерде 3,5 сааттык талкуу жүрдү. Мисалы, 3 миллиондон ашык швайлоочу бар деген база ушул жерде болот дегенде мен ооба деп атпайынбы. Бул сан шайлоо тилкелерине бөлүнөт. Кийин чогулганда ушул сан чыгыш керек деп жатпайынбы. Андан тышкары, биометрикалык нерселер, анан серверге доступ болобу же жокпу ошол боюнча талкуу болду. Менин божомолумда серверге кирүүгө болот деген оюмду айттым, алар тескерисин далилдөөгө аракет кылышты. Кайсы жерден кандай болуп добуш келерин талкууладык. Айрым жерде ынанбаган жерлеримди айттым. Ынанбаган жерим, алар айтып атат 30 пайыз шайлоочу келди деп, ал эми БШК 33 пайыз деген. 3 пайыз каякта? Бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын айтты. Формуланы ачык көрсөтүп беришти. Мен аяк-башынан карап чыктым. Ошол жерде мага көз көрүнөө кайсы жерден кошулуп кеткенин көрсөтүштү. Бул чындык. Мен сурактан чыгып, өз пикримди айттым. Негизгиси формуладан ката кеткенине ынандым. Бирок шайлоонун тазалыгы жана толук ачыктыгы кол санак аяктаган соң аныкталат деген жыйынтыкка келдик», — деди ал.