Белгилүү футболчу Айдана Оторбаева кечээ, 27-июлда Баткендеги кыз-келиндерге футбол боюнча тренинг өттү. Бул тууралуу Кыргызстандагы кыз-келиндер укугун коргоп, алардын укугу урматталышына чакырган «Кыз Коргон» бейөкмөт уюмунун социалдык тармактагы баракчасына жазышты.
«Кыргыз аялдар футболунун жылдызы Айдана Оторбаева Лейлектин Көк-Таш айылында аялдар футболуна катышып жаткан кыз-келиндерге мастер-класс өткөрдү. Ага эртең ушул айылда өтө турган турнирге катышып жаткан командалардын оюнчулары келди. Айдана футбол оюнуна кантип даярданууну, коопсуздукту кантип сактоонун эрежелерин түшүндүрүп берди. Ошондой эле бул кыздардын оюну канчалык маанилүү экенин айтты»,- деп айтылат маалыматта.
Ал эми Оторбаева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына «футбол ойноо үчүн баткендик 80 айым чогулду. Кечээ мастер-класс өткөрдүк. Ал эми бүгүн 10 команда катышкан турнирди көрөм»,- деп жазып, видео менен бөлүштү.