Айдаркен айылдык милицияга жеке ишкер унаа белекке берди (сүрөт)

Айдаркен айылдык милиция бөлүмүнө Айдаркен шаарынын тургуну, жеке ишкер Гүлдесте Калматова кызматтык колдонуу үчүн ВАЗ2107 үлгүсүндөгү унаа тапшырды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Жеке ишкер Айдаркен шаар аймагында коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө милиция кызматкерлеринин аткарган иштери натыйжалуу экендигин, ошондой эле өзгөчө кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү, сапаттуу, так аткаргандыгына ыраазы экендигин белгиледи. Кадамжай РИИБдин жетекчилиги тарабынан милицияга колдоо көрсөткөн жеке ишкерге ыраазычылык каты тапшырылган.

Тоолуу аймакта жайгашкан Айдаркен айылдык милиция бөлүмү Бирлик, Алга айыл аймактарын башкача айтканда, 27 миң 500 калктын коопсуздугун тейлейт.