Айдоочулардын эсине! Бишкекте 26-майда айрым көчөлөр жабык болот

26-майда Бишкекте өтүүчү Евразиялык экономикалык форумга байланыштуу чет өлкөдөн келген делегацияларды коштоп жүрүү учурунда төмөнкү көчөлөр жабылат:

— Фучик жана Жибек-Жолу көчөсүнүн кесилиши;
— Жаш Гвардия көчөсү менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишкен бөлүгү;
— Чүй көчөсүнүн Жаш Гвардия көчөсүнөн тартып, Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
— Манас көчөсү менен түштүк багытты көздөй (жогору чыкканда) кең Чүй көчөсүнөн тартып, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү.

Жогоруда көрсөтүлгөн жолдордон сырткары ага жакын жайгашкан жолдор кошумча багыт иретинде жабылышы мүмкүн. «Урматтуу айдоочулар жана шаар тургундары, жогорудагы убактылуу чектөөлөрдү эске алып, маршруттук жүрүү кыймылыңыздарды алдын ала пландап алуу менен, жол эрежелерин так сактоону өтүнөбүз», — деп айтылат Кайгуул кызматынын маалыматында.