Айдоочунун эсине! 28-апрелден баштап Бишкектеги Садыгалиев көчөсүнүн бир бөлүгү бир тараптуу болот

28-апрелден тарта Садыгалиев көчөсүнүн түштүк багытындагы Волкова көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүгүндө бир тараптуу кыймыл уюштурулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мындай чечим өткөрүү жөндөмдүүлүгүн, жол коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу жана жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында кабыл алынган.