11-12-январда биринчи айым Айгүл Жапарова Бириккен Араб Эмираттарына сапар жасады, анын жүрүшүндө БАЭдеги аялдардын жана балдардын укуктарын өнүктүрүү маселелери боюнча иш алып барган мамлекеттик уюмдардын жана фонддордун жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Ошондой эле биринчи айым Фатима бинт Мохаммед бин Заед демилгесинин аткаруучу директору Фаршеид Жабархил менен жолугушуп, анын жүрүшүндө тараптар муктаж аялдардын катышуусунда Кыргызстанда социалдык жана экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашты.