Abank_oct
SerepTV Logo

Энергетикалык суусундуктардын жүгүртүлүшүн иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жүгүртүлүшүн иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү
 
Бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жашы жете элек балдар жана жаштар үчүн жеткиликтүү болгон энергетикалык суусундуктардын жана адамдын ден соолугуна терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон тамак аш продукциялардын жүгүртүлүшүн, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле бул чөйрөдөгү мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун комплекстүү иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү маселеси каралды.

Аталган маселени «Ынтымак – Мекенчил» депутаттык тобу демилгелеп, маалыматты депутаттык топтун жетекчиси Талант Мамытов тааныштырды. Комиссиянын курамына депутаттар Азамат Исираилов, Азамжан Жалилов, Жаныбек Аматов, Адилет Белеков, Талант Мамытов, Бекмырза Чолпонбай уулу, Нуржамал Торобекова, Илимбек Кубанычбеков, Махабат Мавлянова жана Алишер Козуев кирди.
SEREP MEDIA