Кыргызстан менен Түркиянын биринчи айымдары Айгүл Жапарова жана Эмине Эрдоган Венгриянын премьер-министринин жубайы Анико Леваи менен биргеликте Улуттук тарых музейиндеги кыргыз элинин тарыхый жана маданий эстеликтери менен таанышты.
Түрк дүйнөсү фондунун (Түркия) колдоосу менен Түрк маданияты жана мурасы фонду жана Мадания министрлиги тарабынан сыйлуу коноктор үчүн көргөзмө даярдалды. Ал түрк тилинин биринчи сөздүгүнүн — “Дивани Лугат ат-Түрк” китебинин жазылышынын 950 жылдыгына карата Махмуд Барсканинин мекени болгон Кыргызстанда өтүүдө. Мындан тышкары, Кыргызстандын, Түркиянын президенттеринин жана Венгриянын премьер-министринин жубайлары Улуттук тарых музейиндеги көргөзмөгө коюлган “Матьо” сайма маданиятынын теңдешсиз байлыгы аркылуу Венгриянын элдик искусствосу менен таанышты. Андан соң маданий программа Кыргыз мамлекеттик “Ала-Арча” жаратылыш паркында уланды.
“Мен эч кимди коргогум, жактагым келбейт. Калыс болсом, куралдуу каршылык көрсөтүү учурунда "жогору жактан" буйрук күтпөй кылмышкерди жок кылууга инструкциялар...
Түркияда кыргызстандык келин жолдошу тарабынан сабалып, ооруканага түшкөнүн жергиликтүү ЖМКлар жазган. Маалыматтарга караганда, келинге жолдошу бычак менен кол салган. Тышкы...
Кыргызстандын ИИМи Telegram аркылуу баңгизат сатууну чектөөгө аракет көрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин орун басары Нурбек Абдиев бүгүн, 23-январдагы Жогорку Кеңештин...
Эртең, 23-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым...
"Сосновка" постунда унаалардын бардык түрүнө чектөө кирди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Бүгүн, 22-январда Бишкек-Ош унаа жолунун 127-чакырымында кар көчкү түшкөн....