Айгүл Жапарова: «Кыргызстанда аялдар — өлкөнүн экономикалык турмушунун активдүү катышуучулары»

«Кыргызстанда аялдар — өлкөнүн экономикалык турмушунун активдүү катышуучулары. Аялдардын ийгиликтүү экономикалык ишмердүүлүгү республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң салым кошуп жатканы талашсыз», — деп ханайым Айгүл Жапарова Тегеранда илим жана маданияттагы таасирдүү аялдардын Биринчи эл аралык Конгрессинде сүйлөп жатып билдирди.

Айгүл Жапарова белгилегендей, Кыргызстан аялдары ар убакта өз мамлекетинин өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө эбегейсиз салым кошуп келишкен. Алардын активдүү катышуусу болбосо, көп улуттуу элибиздин руханий дөөлөттөрүн кайра жаралуусун жана көбөйүшүн, коомдун адептүүлүгүн чыңдалышына жана улуттук мүнөздүн мыкты белгилеринин сакталышын элестетүү мүмкүн эмес.

Биринчи айым баса белгилегендей, Кыргызстанда аялдардын саясатка катышуусу жагынан гендердик теңчиликти ар тараптуу камтыган мыйзамдар бар. Мыйзамга ылайык, саясий партия талапкерлердин тизмесин аныктоодо өкүлчүлүктү: бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпаганын эске алышы керек. Ошондуктан Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгы боюнча 2021-жылдын ноябрь айында 19 аял шайланган. Аял депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты аял талапкерлердин ичинен кийинки катталган талапкерге өтөт. Ушундай эле жобо „Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө“ Мыйзамда да камтылган. 2021-жылы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча депутаттардын 38 пайыз аялдар болгон.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн Министрлер Кабинетинин курамында 4 аял бар, алар жаратылыш ресурстары, экология, саламаттыкты сактоо, жеке маалыматтарды коргоо, интеллектуалдык менчик жана инновациялар сыяктуу маанилүү багыттарда кызмат ээлейт.

Айгүл Жапарова өз сөзүндө Кыргызстанда аялдар өлкөнүн экономикалык турмушунун активдүү катышуучулары экенине басым жасады. Аялдардын ийгиликтүү экономикалык ишмердүүлүгү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң салым кошуп жатканы талашсыз. Жыл сайын ишкер аялдардын саны өсүүдө. Билим берүү тармагындагы социалдык багыттагы бизнестин жана долбоорлордун басымдуу бөлүгүн аялдар ишке ашырат. Өлкөдө аялдардын саны 3,3 миллиондон ашык адамды, же жалпы калктын 50,4 пайызын түзөт. Жалпысынан экономикалык иштин түрлөрү боюнча аялдардын иш менен камсыз болушу 38,4 пайыз түзөт.

Биринчи айым „Эне — балага тирек“ коомдук фондун жетектей турганын эскертип, биринчи кезекте балдарга жана энелерге жардам берүү, алардын жашоо сапатын жакшыртуу, потенциалын коргоо жана өнүктүрүү максатында иштелип чыккан. Фонд билим берүү, саламаттыкты сактоо, экономикалык бакубаттуулук, экология, маданият жана адам укуктарын коргоо сыяктуу көптөгөн тармактарда долбоорлор аркылуу өз ишмердүүлүгүн ишке ашырат.