«Айлыгы жакшы экен». Кыргыз чирип калган кранда иштерин айткан видео популярдуу болууда

Учурда социалдык тармактарда кыргыз тилинде кранчы жумушуна киргени жатканын айтып, иштөө шартын көрсөтүп жаткан видео тарады. Анда жаран кабинанын чирип калганын көрсөтүп, бирок айлыгы жакшы экенин, иштей берерин айтат.

Видеонун качан жана кайда тартылганы белгисиз. Биринчи жолу бул видео 2021-жылы кытай музыкасынын коштоосунда жарыяланган. Ошондон бери жакын арада автордун сүйлөп жатканы угулган видеону англис тилдүү чөйрөдө тарата башташты. Жазууларга жана көп кабаттуу үйлөргө караганда, видео Кытайда тартылган болушу мүмкүн. Төмөндө жайгашкан видеонун кароосу миллиондорду чапчып жатат.