Айтышка коюлган миллион сомдук байге Баткенге жөнөтүлдү

Баткендеги абалга байланыштуу бүгүн, 17-сентябрда Сузактын Калмак-Кырчын айылындагы Курманбек баатырга арналган Республикалык айтыш токтотулду. Бул тууралуу төкмө акын Кутман Садыбакасов соцтармактагы баракчасына жазды.

«Баатырга жана Баткенде кечээги каргашада шейит болгондорго багышталып куран окулгандан кийин байге фондго бөлүнгөн 1 000 000 сом акча каражаты жана иш-чарага делген тамак-аш каражаттары толугу менен Баткенге жөнөтүлөт. Аны депутат өзү жеткирип, Баткен элинен жеринде кабар алат», — деп жазылат билдирүүдө.