Айыл чарба министрлиги Кыргызстандан буудайды экспорттоого тыюу салууну сунуштоодо

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги буудайды ЕАЭБ аймагынан сыртка чыгарууга жарым жылга тыюу салууну сунуштоодо. Токтом долбоору кароого киргизилет.

Документке ылайык, чектөөлөр реэкспортко, транзитке, ошондой эле Министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамга таасирин тийгизбейт. Демилге азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана базар баасын турукташтырууга багытталган.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан 28 миң тонна азык-түлүк данын импорттоо боюнча орусиялык жеткирүүчүлөр менен келишим түзгөн. Казакстан менен да дан сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Так көлөмдөрү белгисиз.