Ажылык төлөмүн төлөө 27-апрелге чейин узартылды

Ажылыктын электрондук базасына аймактарда катталып, кезек боюнча ажыга барууга мүмкүнчүлүк алып, бирок 20-апрелге чейинки мөөнөт ичинде белгиленген сумманы ар кандай себептерден улам төлөй албай калган талапкерлердин суранычы менен төлөмдөрдү төлөө 27-апрелге чейин узартылды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

27-апрелге чейин узартылган мөөнөт ичинде төлөй албаган талапкерлер 2023-жылдагы Ажылык тизмесинен (базадан) чыгарылат. Ошондой эле жобонун негизинде кийинки кезекте турган талапкерлерге мүмкүнчүлүк берилет.