Ак Үйдүн алдында өзүн өрттөйм деген белгисиз жаран күйүүчү майды төгүп салды

Ак Үйдүн алдында өзүн өрттөйм деген белгисиз жаран күйүүчү майды төгүп салды. Анын айтымында, ал октябрь айындагы окуяларда парламентти кайтаргандардын бири болгон.

«Жашоо өзгөрбөй жатат жана Бишкекте жакшы айлык менен жумуш жоктугуна капамын. Мындан тышкары, ал коррупциялык схемалар менен кошо жаралган көйгөйлөрдү чечүү керек» дейт ал.  Жалпысынан өзүн өрттөйм деген жаран өлкөдөгү «адилетсиз жашоого» даттанды.

Ал талаптарын айткандан кийин, колундагы күйүүчү майды өзүнө төгүп, Чүй проспектиси менен батыш тарапты көздөй басып кетти.