Ошто жаран Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги муниципалдык аймакка өз билемдик менен бетондон уруксатсыз курулуш жүргүзүп жаткан. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
«Кечээ күнү Ош шаарынын мэриясынын жана тиешелүү көзөмөл кызматтары берген эскертүүсүнөн соң, мыйзам талаптарына баш ийип, өз эсебинен курулушту бузуп жатат»,- дешти.