Ак-Ордо конушунда үйү сүрдүрүлгөн келиндин жаңы үйү бүттү (видео)

Сокулук районунун Ак-Ордо конушундагы үйү сүрдүрүлгөн Марал Шаболотованын  жаңы үйү курулуп бүттү. Бул тууралуу өлкө башчынын жардамчысы Эрнист Ашырбаев билдирди.

«Эми Марал Шаболотова бейкапар жашай берсе болот. Биз мамлекет башчысынын демилгесин колдоого алып, үй салып берген кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдиребиз»,- деп айтылат маалыматта.