Ак-Сайдын тургуну: «Бир тууган агам менен иним каза болуп, аларды жерге бере албай үй-бүлөбүз менен качып жүрөм»

«Бир тууган агам менен иним каза болуп, аларды жерге бере албай үй-бүлөбүз менен качып жүрөм». Бул тууралуу Ак-Сай айылынын тургуну айтып берген видео соцтармакта тарады.

«15-сентябрда таңкы убакытта тажик тараптан минометтун огу биздин айылды көздөй атылып, тоо аралап качтык. Эки күн дегенде Кара-Булак айылына келдик. Бир тууган агам менен инимди мыкаачылык менен өлтүрүшкөнү аз келгенсип, өрттөп салышыптыр. Агам мектепте кароолчу эле, мектептен чыгары менен атып өлтүрүшүптүр. Инимди болсо 15 жолудай аткылашыптыр. Көмгөнү барайын десем, өткөрбөй коюшту. Тажиктер жүрөт дешти. Ыйлап-сыздап отурабыз. Айылыбыздагы үйлөрдү тоноп, кийин өрттөп жиберишти. Мал-жанды да айдап кетишиптир. Көчөдө калдык. Айылга кайтуунун да мааниси жок болуп турат», — деди ал.