Ак-Шыйрактагы мөңгүгө «шейх Заед бин Султан Аль Нахайян» деген аталыш берилди

Ысык-Көл облусундагы бир мөңгүгө БАЭ негиздөөчүсү, шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Президент Садыр Жапаров БАЭ президенти, шейх Мухаммед бин Аль Нахайян менен жолугушуу учурунда ага Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан №354 мөңгүгө «шейх Заед бин Султан Аль Нахайян» географиялык аталышы ыйгарылганы жөнүндө билдирди. Мамлекет башчысы Мухаммед бин Заед Аль Нахайянга географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө сертификат менен аталган мөңгү чагылдырылган картинаны тапшырды.

Чечим кыргыз-эмират достугунун чыңдалышын белгилөө, шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жолго коюуга жана өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салымын эске алуу менен кабыл алынган. БАЭ президенти эмират элинин атынан терең ыраазычылык билдирип, бул демилгени жогору бааларын белгилеген.