Abank
SerepTV Logo

Ак-Сууда мугалимдерге кол көтөргөнү тууралуу аудиодон кийин интернаттын директору кызматтан бошотулду

Ак-Сууда мугалимдерге кол көтөргөнү тууралуу аудиодон кийин интернаттын директору кызматтан бошотулду

Билим берүү жана илим министрлиги 18-апрелден тартып комиссиянын чечими менен Ак-Суу жалпы билим берүүчү мектеп-интернаты мекемесинин директору Жеңишкүл Ниязова ээлеген кызматынан бошотулгандыгын маалымдады.

2023-жылдын апрель айында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Ак-Суу жалпы билим берүүчү мектеп-интернаты” мекемесинин директору Жеңишкүл Ниязованын педагогикалык этиканы сактабай мугалимдердин аброюна шек келтирип, аларды басынтып, ыплас сөздөрдү айтып, кол көтөргөндүгү тууралуу аудио социалдык тармактарга тараган. Буга байланыштуу министрликтин буйругу менен аталган мектеп-интернаттын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссия түзүлүп, териштирүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле мектеп-интернаттын окуу-тарбиялык процесстерин белгиленген укук-ченемдик актыларга ылайык уюштуруу жана аткаруу, балдардын жатаканада жашоосун камсыздоо, окуучулардын жеткиликтүү жана сапаттуу билим алуусун башкаруу, жөнгө салуу ишмердүүлүгүн жетектөө ишмердүүлүгү текшерилди.