10-апрель күнү Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинен 6-февралда дайынсыз жоголуп, издөөдө жүргөн бейтаптын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу борборунан билдиришти.
Маалыматка караганда, жансыз дене аталган мекеменин аймагында жайгашкан балатыга асылып турган жеринен табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал даракта эки айдан ашык илинип турган.
Улуттук борбордун кызматкерлери жана тартылган эксперт Ак-Суу психоневрологиялык стационардык мекемесине барып, мекеменин жетекчилиги жана каза болгон бейтаптын чогуу жашагандары менен жолугуп, окуя болгон жерди карап чыгышкан. Тергөөчүнүн айтымында, өлүм боюнча иш козголуп, учурда экспертизанын жыйынтыгы күтүлүүдө.