Акаевдин лекциясы болбой турганы маалымдалды

Март окуясында бийликтен куулган Аскар Акаевдин Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтөт делген лекциясы болбой турганы маалымдалды.

Тиешелүү чечимди бүгүн, 22-майда университеттин ректору кабыл алганы айтылды.

Буга чейин аталган окуу жайдын айрым студенттери анын лекция окуусуна каршы экендигин билдиришкен болчу.

18-майда Март окуясында бийликтен куулган Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаев менен Кыргызстанга келгени маалымдалган.