«Паспорт, ID карт жана башка документтердин баары өзүбүздөн чыга баштады». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына жарыялады.
«Буга чейин “чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын паспорттору сатылат экен” деген имиш кептер айтылып келген. Тилекке каршы, мындай кептердин чындык экени аныкталган учурлар да болгон. Балким, бүгүнкү күндө да көптөгөн чет өлкөлүктөрдүн колунда Кыргызстандын паспорту менен ID карттары бардыр. Алардын мөөнөтү бүткөнчө алды 10 жыл, арты 5 жыл керектелиши мүмкүн. Албетте, мөөнөтү бүткөндөн кийин алардын баары жараксыз болуп калат.
Эми мындан ары Кыргызстандын жасалма паспорту, жасалма ID карта деген түшүнүк болбойт. Себеби паспорттор өзүбүздөн чыга баштады. Буюрса, жасалма кылып чыгарууга мүмкүн эмес, жашыруун корголуучу элементтери көп. Андан сырткары, мурдагыдай оңго-солго, туш келди кишилерге сатылбайт! Ушуга байланыштуу ID карттарды бекер алмаштыруу боюнча акция жүргүзөбүз. Акция 1-июлдан баштап 31-августка чейин жүрөт.
“Учкун” мамлекеттик ишканасы менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги 1-июлга даяр болгула. Андан кийин адаттагыдай эле өздүк баасына, тагыраагы 600 сомдон алмашылат. Ошондуктан ID картыңарды бекер алмаштырганга шашылгыла. Ал эми жалпы жарандык паспортторду бекер алмаштырганга азырынча каржылык күчүбүз жете элек. Күчүбүз жеткен күнү жалпы граждандык паспортту дагы бекер алмаштыруу боюнча акция өткөрөбүз. Ушул жол менен гана өзүбүздөн чыгып жаткан паспортторго кыска мөөнөттө толук өтүп кетишибиз керек», — деп жазылат билдирүүдө.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруунун алкагында 14-мартта Кувейт, Бахрейн жана Катардан төртүнчү атайын эвакуациялык авиарейс менен Кыргыз Республикасынын 142 жараны...
20-март Орозо айт майрамы деп белгиленгендиктен, Айт намазы жума мечиттерде төмөнкүдөй программанын негизинде өткөрүлөт. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты. Айт намазын...
16-мартта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Дордой базарынын ичиндеги инфратүзүмдү...
21-мартта борбордук Ала-Тоо аянтында жазгы күн-түн теңелишине арналган масштабдуу майрамдык иш-чара өтөт. Саат 11:00дөн 22:00гө чейин борбор калаанын тургундарын жана...