Акжол Махмудовдун атасы: «Акжолдун машыктыруучусу келип, балаңа «любовь» келди деди»

Бир эмес, 3 спортчуну жалгыз тарбиялап, атагын чыгарган Мухаммед Махмудов SuperTV телеканалына эксклюзивдүү маек курду.

«Бир жылда 365 күн болсо, Акжолдун 360 күнү чет өлкөлөрдөгү машыгууларда өтөт. Коомчулук аны чемпион катары тааныйт, анын жеке жашоосу көпчүлүккө кызык. Акжол тырышып жүрүп, ушул даражага жетти. Эртең үйлөнтсөк, келинчеги күрөшпөйсүң десе эмне болот? Же мен же күрөшүң деп тандоо койсо… Мен үчүн биринчи кезекте баламдын бактысы», — деди ал.

Ал ошондой эле Акжол Махмудовдун Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жеткен соң, машыктыруучусуна аты жок манжасын көрсөткөнү тууралуу айтып берди. «Бир күнү эле уулум машыктыруучу үйгө келет деп калды. Кечинде келди. Агайдын кыргызчасы начар да «мухаббат келип калыптыр» деди. Мен «эмне мухаббат» деп чочудум. Түшүндүрүп айтыңызчы десем «любовь» деди. Кимге десем, «Акжолго» деди. Мен «каяктагы сүйүү, мунун эки агасы отурат» дедим. Жарым саат тартыштык», — дейт ал.