Аксы окуясына 21 жыл. Садыр Жапаров монументке гүл койду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта Аксы окуяларын эскерүү күнүндө 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналып тургузулган Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы монументке гүл койду.

Иш-чарага ошондой эле, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.