Актёр Кубандык Камалов: «Соттун адилетсиз чечиминен улам үй-жайсыз калганы турам» (видео)

«Шамбала», «Чек Арада», «Таң алдында» сериалы, «Көк бөрү», «Кыялкечтер», «Жалбыз» тасмаларында тартылган актёр Кубандык Камалов соттун адилетсиз чечиминен жабыр тартып, үй-жайсыз кала турганын СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

— 2012-жылдары апам дүкөн иштетип жүрүп Назира деген аял менен таанышып, андан пайызга акча алып иштеген. Эгер ал төлөнбөй калса, эртеси пайыз эки эсе кошулуп отура бермек. Апам пайызын төлөй албай калганда алган сумманы берип, «сенден карызым» жок деп айтып, Москвага кетип калган. Бирок эч кандай тил кат жазылган эмес.

Апам Орусияга кеткенде ал аял Октябрь РИИБиге менин апамдын атынан «257 миң сом алдым, 10 айдын ичинде 10 пайызы менен төлөп берем» деген таризде жазылган тил катты калтырып, акчаны бербей жүрөт деп апамдын үстүнөн арыз жазган. Апам Орусиядан келбей 1-сот апамсыз өтөт. Анда аял соттук процессте апамды 6 тил кат менен акча алды деп өзгөртүү киргизген. Жасалма тил каттарды тиркеп, апама 500 миң сомдон ашык сумманы карыз кылышат. Апам менен ал аялдын ортосунда нотариалдык негизде эч кандай документ жазылган эмес.

«86 миң сом алдым» деген бир тил каты апам Орусияда жүргөн кездеги дата менен жазылган экен. Аны биз «Кыргыз темир жолунан» Орусияга кеткени тууралуу, 4 жылдан кийин «Манас аэропорту» аркылуу учуп келгенин тастыктаган документтерди чогултуп, сотко тапшырганбыз. Ал документ каралган жок да, жасалма тил каттардын негизинде бизди учурда 660 миң сом карыз кылып чыгарып коюшту.

Алар соттун чечими менен апамдын наамына жазылган документтерди сырттан эле жокко чыгарып, ал аялдын наамына жаздырып коюшкан. А бирок үйдүн кызыл китеби, техпаспорт биздин колубузда турат. Коммуналдык төлөмдөр апамдын наамына келип жатат, аны төлөп дүмүрчөктөрүн сактап жүрөбүз.

Айта берсе, окуя көп. Кыскасы, соттор менен жактоочу тил бириктирип, жасалма документтерди жасап, биздин үйдү тартып алганы жатат. Учурда алар биз жашаган 5 бөлмөлүү үйдү 1 миллион 273 миң сомго баалап, 27-июлга чейин чыгып кеткиле деп жатышат, — дейт актёр.