Жарандык активист Илгиз Шаменов Орозайым Нарматова менен кармалганын маалымдады

Жарандык активист Илгиз Шаменов социалдык тармактагы баракчасына мурдагы депутат Орозайым Нарматова менен кармалганын жазды.

«Мына биз аэропорттон учуп жатабыз. Орозайым (ред. Нарматова) экөөбүз бүгүн саат 15:00дө Бишкек убактысы боюнча, аэропортко конобуз. Бизге бийликти курал-жарак менен басып алуу беренесин коюшуптур, жана эл аралык издөөгө беришиптир. Силерден качкан эч ким жок, расмий чакырсаңар деле бармакмын. Орустар саясий башпаанек берели деп сунуш кылышты, мен баш тарттым. Элим жерим үчүн, Кемпир-Абад, Жетим-Тоо үчүн түрмөгө отуруп чыгабыз, түрмөдөн качпайм», — деп жазды ал.

Буга чейин унаасынан граната табылгандан кийин Илгиз Шаменов өлкөдөн чыгып кеткен.