Активист Канышай Рысбекова: «Эртең күйөөгө тием» десем ала тургандар бар»

Жигитим жок, бирок колумду сурагандар бар. Бул тууралуу активист Канышай Рысбекова маек берип жатып билдирди.

«Эртең күйөөгө тием» десем алам дегендер бар. Бирок нике кайып деп коет. Кудайым берем десе, берет экен. Сүйүүнү жүрөгүбүзгө бир күндө салып коет экен. Мен ошону күтүп жүрөм. «Күйөөгө тийиш керек» деп тийгим келбей жатат. Мен күтүп жүрөм, мүмкүн ал адам азыр жашоомдо бар же жок»,- деди ал.