«Акун» пансионатына берилген жердин мамлекетке кайтарылышы. Айдай Турсунбекова үн катты

УКМК 2008-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан “Акун” пансионатынын жеке менчигине Кара-Ой айылында жайгашкан 17,65 гектар жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарылганын билдирген. 371 миллион сомго бааланган жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылганы маалымдалган болчу.

«Акун» компаниялар тобуна кирген ишканалардын биринин жетекчиси Айдай Турсунбекова жогорудагы кырдаалга байланыштуу маалымат менен бөлүштү. «Кечээтен бери биздин пансионаттын тагдырына абдан кабатырланган, көптөгөн кайдыгер эмес адамдар мага жазып да, чалып да жатышат. Ошондуктан кырдаалга байланыштуу бир аз маалымат берүүнү туура көрдүм. Өкмөттүн 1998-жылдын 23-июнундагы №379 токтому менен Кыргыз Республикасында 1998-2000-жылдарга мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн программасы бекитилген. Сатыкка 32 пансионат коюлуп, анын ичинде «Чынар» пансионаты дагы бар эле. 1999-жылы тендерге катышып, “Чынар” пансионатын белгиленген нарктан жогору баада сатып алганбыз. Мыйзамга ылайык «Мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды менчиктештирүүдө жер участогунун наркы мүлктүк комплекстин наркына кошулат». Башкача айтканда, пансионатты сатып алууда жер тилкесинин баасын да төлөп бергенбиз. Бизде пансионатты алып-сатуунун мыйзамдуулугун тастыктаган бардык документтер бар. Жада калса кабыл алуу актысы да бар, ага ылайык бизге кыймылсыз мүлк эле эмес, тротуар, жолдор, спорттук аянтчалары, жашылдандыруу, канализация жана суу түтүк системалары да өткөрүп берилген. Эми минтип 24 жылдан кийин пансионат жер участогу жок сатылган деп жатышат! Сот адилет чечим чыгарат деп ишенебиз», — деп жазды ал.