Мындан бир нече күн мурда социалдык тармакта «Ысык-Көлдөгү «Акун» эс алуучу жайы кир сууну көлгө куюп жатат» деген маалымат тараган. «Акун» пансионатынын директорунун орун басары бул сөздөрдү четке кагып, жалган маалымат таратылып жатканын айтты.
Анын айтымында, көлгө куюлуп жаткан суу таптаза аквапарктын суусу. Эс алуучу жайдын аймагында аквапарк жайгашкан. Ага көлдүн суусу куюлуп, айланып турат. Ал эми жамгыр жаап, шамал болгондо көлдүн түбүндөгү чопо сорулуп кеткен. Дал ошол күнү чопо аралашкан көлдүн суусу кайра эле көлгө куюлуп жатканын билдирди. Ал ошондой эле эс алуучу жайда саркынды суулар топтолуучу жай өзүнчө экенин айтты.