Аквапаркта баласы чөгүп каза болгон эне: «Миң соттошсом да мен утулгам, балам кайрылып келбейт»

Үстүбүздөгү жылдын 6-июнь күнү Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Анын апасы Асел Азыкова каргашалуу окуядан кийин микроинсульт алганын, бутуна коюлган протез жылышып кетип жамбаш сөөгү чирип кеткендиктен Түркияга барып бутуна операция жасатып келгенин SUPER.TV каналына маек берип жатып билдирди. Ошондой эле баласынын окуясы боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

Атай каза болгондон кийин 7 күн-түн уктабай, тамак жебей жашап калдым. Микроинсульт алар күнү окуя боюнча эч ким менен соттошпойм деп чечкем. Мен бир жылдан бери тирүү баланы бир көргөнгө зар болуп жашаган кандай экенин билем. Баламдын чөккөн окуясына катыштыгы бар адамдардын энелери, аталары бар. Мага окшоп бир эне баласын же Атайга окшогон бала атасын күтүп калбасын дедим. Мен миң соттошуп бүтсөм да утулуп калгам. Мага чындыкты изде деп жатышат. Чындык бир эле — Атай жок, келбейт. Бир үйдө Атай деген бала үчүн атам ал жакта, бул жакта жүрөт дегенди каалабайм. Резонанстуу иш деп укук коргоо органдары дароо окуя боюнча чара көрүштү. Бирок мен баламдын арбагы үчүн, Кудай үчүн, өзүмдүн тынч жашоом үчүн андай чоң жүктү моюнума ала алган жокмун», — дейт Азыкова.