Акыйкатчы аппараты соттук отурумга мас абалында келген жактоочуга чара көрүүнү суранды

Бир катар кылмыштарды жасаган деп айыпталган соттолуучу Акыйкатчынын аппаратына анын кылмыш ишин кароодо Панфилов райондук сотунун отурумуна мониторинг жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул тууралуу аталган аппараттан билдиришти.

3-декабрда болуп өткөн сот отурумуна мониторинг жүргүзүүдө соттолуучунун жактоочусу Канат Раимкулов соттук отурумга алкоголдук ичимдик ичип, мас абалында келген (ал тайсалдап, андан спирт жыттанган). Бул факты боюнча Акыйкатчы аппаратынын кызматкери тарабынан акт түзүлүп, актыга сот процессинин 14 катышуучусу кол койгон.

Акыйкатчы институту жактоочу Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын кесиптик этика кодексинин талаптарын, тактап айтканда, 3.6-пунктунда “адвокат юридикалык жардам көрсөтүүдө жүрүм-туруму мыйзамдын талаптарына, моралдык жана этикага ылайык келүүгө тийиш” деген талаптарын одоно бузган. Алкоголдук мас абалында сот отурумунда болуу моралдык жана этика нормаларына туура келбейт. Мындан тышкары, бул жактоочу адвокаттардын кесиптик этика кодексинин башка нормаларын бузган – мас абалында соттолуучуга өзүнүн мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтө алган жок, унчукпай макулдук берүү менен чектелди.

Конституциянын 109-беренесин жетекчиликке алып жана Омбудсмен жөнүндө мыйзамга ылайык, Акыйкатчы институту Кыргыз Республикасынын Адвокаттар коллегиясынын этика боюнча комиссиясына кайрылып, адвокат Канат Раимкуловго карата тартиптик өндүрүштү козгоп, тартип  жоопкерчилигине тартып, анын адвокаттык иш жүргүзүүгө лицензиясын жокко чыгаруу боюнча сунушун жөнөттү.