Акыйкатчы жол кырсыкта каза болгон кыздын жакындары менен жолукту

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жөө адамдар өтүүчү жерден унаа сүзүп каза болгон Айза Улан кызынын жакындары менен жолугушту. Анда маркумдун жакындары кырсыктын башкы күнөөкөрүн үй камагына чыгарган Бишкектин Свердлов райондук сотунун тергөө судьясынын чечимине макул эместигин билдиришкен.

«Катуу ылдамдыкта айдап бара жаткан айдоочу жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн алдынан ылдамдыгын азайтпай, кызды сүзгөн соң, кыз ыргып аны каршы тилкеде келе жаткан унаа сүзүп кеткен. Кырсык болгонуна карабай, айдоочу токтобостон окуя болгон жерден кетип калып, кыздын өлүмүнө алып келген. Сот баш коргоо чарасын чечүүдө шектүүнүн туруктуу жашаган жери жок экенин эске алган эмес», — деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле, маркумдун жакындары алардын кызыкчылыгын коргоону өтүнүшкөн.