Ош шаарынын аэропортунда Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча Кыргызстан Акыйкатчысы үн катты.
Маалыматка караганда, 11-сентябрга караган түнү акыйкатчы Токон Мамытов ИИМдин имаратына барып, нөөмөтчүдөн Ош шаарында кармалып, Бишкекке алып келинген Орозайым Нарматовага карата сотко чейинки өндүрүш иштерин алып барып жаткан тергөөчүгө өткөрүүнү суранып, телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Тергөөчү Улан Зикиралиев акыйкатчынын Орозайым Нарматова менен жолугушуу ниетин өз жетекчилерине айтууну убадалаган. Бирок андан кийинки телефон чалууларга Зикиралиев жооп берген эмес. Ошол себептен Токон Мамытов нөөмөтчүдөн ИИМдин жетекчи курамынан нөөмөтчүнү чакырууну талап кылды. Бир аз убакыт өткөн соң Акыйкатчыга полковник Сапарбек Аманкулов чыгып, ИИМ алдын ала тергөө бөлүм башчылыгын айтты. Аны менен сүйлөшүүдө акыйкатчы Нарматова менен жолугуп сүйлөшүүнү суранган. Бирок ал бир саат мурда эле Нарматовага карата бардык тергөө аракеттери аяктаганын, учурда ал үйгө кое берилгенин, аны менен иш алып барган тергөөчүлөр үйлөрүнө кетишкенин, учурда ИИМ имаратында тергөөчүлөр жоктугун айткан.
Ошондон кийин Токон Мамытов Нарматованын туугандары жана аны колдоп ИИМдин имаратына келишкен адамдар менен жолуккан. Акыйкатчы аларга полковник Аманкуловдон алган маалыматтарды айткан. Аны уккан Орозайымдын эжеси жана башка адамдар ИИМдин имаратынын жанында саат 18:00дөн бери турушканын, ал жактан Орозайымдын чыкпаганына нааразы болушкан. Акыйкатчы Орозайым Нарматова менен вотсапп аркылуу жазып, ага жооп алган. Анда Орозайым өзүнө карата эч кандай коркутуу жана кысым болбогонун айткан. Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Токон Мамытов Башкы прокурору Курманкул Зулушевге кайрылып, төмөнкү маселелерди көтөрүү ниетинде:
- Нарматованын Ош аэропортунда кармалуу фактысын териштирүү;
- Айрым маалымат агенттиктеринде жазылгандай Нарматова күбө катары суралган, анда аны кармап, Бишкекке алып келүүнүн зарылдыгы бар беле, аны эмне үчүн баштапкы кармаган жеринде суракка алышкан жок;
- Нарматовага баштапкы айыптоо Жазык кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгү расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (арыздашууну) козутууда айыпталып жатканын ИИМ маалымдаган, кийинчерээк ал “күбө катары чакырылган жана суралган” болсо, аны кармоо мыйзамдуубу?
«Жарым жыл ичинде эң жакын эки адамынан: апасынан жана бир тууган агасынан айрылганын эске алуу менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрү Орозайым Нарматовага карата адамгерчиликти жана кичипейилдиктин көрсөтүүсү керек болчу», — деп эсептейт Токон Мамытов.