Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө борборунун салтанаттуу ачылышына, ошондой эле “Zhongtong” компьютердик томографиялык медициналык унаасын тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Мамлекет башчынын Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын алкагында өлкөгө Кытайдан чыккан 1000 автобус келиши керек. Учурда борбор калаага 250 автобус келди, алар борбор калаанын көчөлөрүндө иштеп жатат, дагы 250 автобус 2023-жылдын аягына чейин келет, калган 500 автобус Кыргызстанга 2024-жылы алынып келет.