Чүй проспектисинде жол кырсыгына кабылган автобустун айдоочусу наркологиялык текшерүүдөн өткөн
«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы 15-октябрда Чүй проспектисинде жол кырсыгына кабылган автобустун айдоочусу наркологиялык текшерүүдөн өтпөгөнү жана жол баракчасы болбогону тууралуу тараган маалыматтарга түшүндүрмө берет. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
№ 38 каттамды тейлеген, мамлекеттик каттоо номери 01KG230AR болгон «Zhongtong» үлгүсүндөгү автобустун айдоочусу окуя болгон күнү эртең менен саат 07:30да наркологиялык текшерүүдөн өтүп, андан соң каттамга чыккан. Ошондой эле айдоочуда белгиленген тартипте таризделген жол баракчасы болгон. Жол кырсыгынан кийин окуя болгон жерге келген Жол кайгуул кызмат башкармалыгынын (ЖККБ) кызматкерлери айдоочуну алкоголдук мас абалын аныктоо жана окуянын жагдайларын тактоо үчүн атайын медициналык текшерүүдөн өткөрүүгө алып кетишкен. Айдоочунун жанында болгон документтер, анын ичинде жол баракчасы да кызматкерлер тарабынан алынган.
Демек, айдоочу наркологиялык текшерүүдөн өткөн эмес жана жол баракчасы болгон эмес деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Айдоочунун эртең менен наркологиялык текшерүүдөн өткөнү жана жол баракчасы болгондугу тиешелүү документтер менен тастыкталат.