Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров борбордук “Ала-Тоо” аянтын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Аянтка заманбап фонтан комплекстери орнотулат, ошондой эле 100 метр бийиктиктеги флагшток орнотуу иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле, МинКаб төрагасы Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүндөгү оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Курулуш иштерин августта бүтүрүү пландалууда. Акылбек Жапаров курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү, айлананы жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында борбор калаада иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелери да талкууланды.
Муниципалитет тараткан видеодон автобустун ичине адамдар тапичкеден бери калтырып кетерин көрүүгө болот. “Кагаздарды таштап салган. Тапичкелери калган. Бул жакка салфеткасын...
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Талас Мамлекеттик университетинин эски имараты буздурулуп, жаңы 5 кабаттуу кампус курулат. Бул тууралуу президенттин Талас...
Кечээ, 16-июнда Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчёту Жогорку Кеңешке сунушталды. Отчёт Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат...