«Биздин үрп-адат, каада-салтыбызга туура келбеген маалыматтарга чектөө киргизүү керек». Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
«Кайната менен кайненесин сыйлабаган келинди, интернетке чыгып алып, атасынын кадыр-баркы менен мактанып, бирөөнүн үйүнө барып, кызмат өтөп, байбиче болгондун ордуна ажырашып кеткендерди үлгү катары көрбөшүбүз керек. Алардын баары соцтармакка чыгып жатканы уят. Кайната деле чолок шымчан жүрбөгүлө, келиндер жоолукту баштан түшүрбөгүлө дегендей, баарын түз тармакка алып кетчү Маданият министрлиги сиздерсиңер», — деди ал.