Акылбек Жапаров митингчилерге: «Патент менен иштегенге шарт түзгөндү ойлоноюн, караштырайын»

Бүгүн, 13-июнда кассалык аппаратка каршы митинг өтүп жатат. Чогулгандардын алдына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келди.

«Бийликтин булагы эл болгондон кийин баарыңарга тең карайлы деп жатабыз. Оң жагыңарда инвалиддердин митинги болуп жатат. Алар үй куруп бергиле дейт. Эки эсе көтөргөн жөлөк пул аз дейт. Азыр патент төлөйбүз деп жатасыңар. Араңардан комитет түзгүлө. 10 күн мени менен иштесин. Азыр сөз сүйлөгөн кишинин дүкөнүнө барабыз. Эмнеге жабылып калганын көрөбүз. Мен ар бириңердикин көрөйүн. Баарын ирети, орду менен жасайын да. Байлардан салык алганга уруксат бересиңерби? Берсеңер мен силердин патент менен иштегенге шарт түзгөндү ойлоноюн, караштырайын. Счет-фактуранын силерге эмне кереги бар? Мен счет-фактураны өндүрүүчүлөрдөн сурап жатам. Мага силер жардам бергиле. Бажыны да, салыкты да иреттеп жатабыз. Өндүрүүчүлөр таза экенин тактап беришсин. 

Айып пул боюнча азыр тапшырма берем. Айып менин колумдан келбейт. Парламентке кайрылабыз. Бирок тартибин аныктайбыз. Бир чупа-чупс баспай койсо, 13 миң сом айып дегендей кылбайбыз. Мен силерге ким арендага жерин берип жатса, ошолордон салык алайын деп жатам. Өлкө болгон соң, бизде жетим-жесирлер бар, пенсионерлер бар. Биз ошол салыктарды силердин акчадан төлөйбүз. Чоң дүкөндөрдө ККМ иштейт. Кичине дүкөндөрдүн баарынын патенттеринин баасын көтөрөлү. Жайгашкан жерине жараша көтөрөлү. 2000-жылы патентти киргизген менмин. Силер менен отуруп, чечишели. Счет-фактураны өзүнчө карайлы. Муну арак, тамеки, дары, нефть, алтын саткандар экөөнү тең колдонот. Азык-түлүк саткандарды бошотуп койгонго даярмын. Кичине дүкөндөр болсо. 10 кишини мага бериңиздер. Азыр баарын токтотуп турабыз. Андан соң, ар бириңердин дүкөнүңөргө баралы. Ошол жерден көрөйүн. Элди ачка калтырбайбыз. 10 күнгө мораторий жарыялап жатабыз. Патентти карайбыз. Колуңардан келген салыкты төлөгүлө», — деди Жапаров.