Каникулга чыгууну майлап! Жапаров депутаттарды кайсы ресторанга чакырды?

Кечээ, 29-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин депутаттарын каникулдардын башталышынын урматына сый тамакка чакырган. Ал жыйындан кийин саат 20:00дө депутаттар тамактанаарын белгилеген. Бирок салтанаттуу иш-чара кайсы жерде өтөөрүн Министрлер кабинетинин башчысы тактаган эмес.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар депутаттарды «Дасмия» ресторанына чакырганын билдирди.