Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында мал кайтарууга кетип дайынсыз жоголгон ата-бала изделүүдө. Дайынсыз болуп жаткан жарандардын жакындары “Алар 5 күнгө мал кайтарууга кетишкен. Салып берген тамак-аш желбептир. Сууда экени же талаада экени белгисиз болуп, 20 күндөн бери издеп жатабыз” дешет.
«16-октябрь күнү кезүүгө кетишмек. Балам менен жолдошум мектептен келип, шашып эле тамак ичкен бойдон кетишти. Мен ала кетчү тамактарын даярдап койгом. Аларды алышты. 19:30да «кезүүнү өткөрүп алдым, жакшы элебиз» деп сүйлөшкөнбүз. Андан кийин эле чалсам, өчүк болуп калды. Ошол бойдон байланыша алган жокпуз. «Телефон ал жерде иштебей калат го» деп ойлодум. Анткени мурда барган эмесмин. 19-октябрдан тарта издей баштадык. Барсак эле тамак-ашы бакта илинип туруптур. Эч нерсе желбептир. Кайра кечинде бардык. Жымжырт. ӨКМ, милицияга кабар бердик. 18 күндөн бери дайын жок. Минип жүргөн аты суудан табылды. Мойну сыныптыр дешти. Жолдошум мугалим болуп мектепте иштечү. Уулум 4-класста окуйт. Төртүнчү балам», — деди дайынсыз болуп жаткан жарандын жубайы Чолпонай Казыбекова.
Видеоматериалдагы медиафайлдар дайынсыз жоголгон жарандардын жакындарынын уруксаты менен колдонулду.