Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 10 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 6, Чүйдө — 4 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 200 миң 857 адамга жетти.
Соңку суткада 1 киши каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 983 адамды түздү.