Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 13 адамдан коронавирус аныкталды. Анын баары Бишкекте катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 200 миң 968 адамга жетти.
Соңку суткада 1 киши каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 991 адамды түздү.