Акыркы суткада 13 адамдан коронавирус аныкталып, 1 киши каза болду. Статистика

An Israeli woman with a face mask walks in an empty street in Jerusalem on April 15, 2020, the governments orders on a partial lockdown in order to prevent the spread of the Coronavirus. Photo by Olivier Fitoussi/Flash90 *** Local Caption *** קורונה ריק ירושלים

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 13 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 10, Чүйдө — 2, Ош облусунда — 1 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 200 миң 776 адамга жетти.

Соңку суткада 1 киши каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 976 адамды түздү.